Бишкекте көчөдө кыздын колунан 147 миң сомдук iPhone 14 Pro телефонун жулуп алып, изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя 26-сентябрда Турусбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Аталган факты каттоого алынып, "каракчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кылмышка шектүү кармалганын билдирди. Ал 2003-жылы туулган А.А. аттуу жаран экени белгилүү болду.
Борбор калаанын Ленин райондук соту аны бир айга камакка алуу жана СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарды.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө ушул сыяктуу уурулук фактысы боюнча кармалган жаранды жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен дагы эки арыз түшкөнү кошумчаланды.
Милиция кармалган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендер жана ушул сыяктуу иштер боюнча маалыматы бар адамдарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашууну өтүнөт: 0312 35 29 47, 0312 65 44 94, 0502 10 21 49, 0555 10 21 49, 070 22 22, 102.