Ошто унаа айдап качкан жаран кармалды

Ошто унаа айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрь күнү 1969-жылы туулган С.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы Ленин атындагы мектептин жанында токтоп турган CHEVROLET LANOS унаасын уурдап кеткенин билдирген.

Кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу районунун ВЛКСМ айылында уурдалган унааны сатуу учурунда мурда соттолгон (уурулук үчүн) 1990-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалган.

Жеке текшерүү учурунда жарандын чөнтөгүнөн буюмдук далил катары жогоруда көрсөтүлгөн унаанын ачкычы жана сатууга алдын алал алынган 10 миң сом табылган.

Учурда кармалган жаран мурда жасалган кылмыштарга карата аныктоо боюнча зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан