Бишкекте адамдын ден соолугуна оор залака келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБи тарабынан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, милиция кызматына 29-сентябрда саат 7:43 чамасында Интергельпо жана Дмитров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан азык-түлүк дүкөндүн жанынан болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине Ленин РИИБинин тергөө-ыкчам тобу барып, денесинен жаракат алган адамдын жансыз денесин табышкан. Ошондой эле маркумдун аты-жөнү такталып, ал 51 жаштагы Р.Н. аттуу жаран экени аныкталган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 130-берене (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
6-октябрда кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Т.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.