Баткенде 160 миң сомдук контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн.
Анда Кыргыз жараны Ж.А.И.нин башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынганы маалымдалат.
"Бажылык текшерүү учурнда унаанын жүк бөлүгүнөн жалпы салмагы 2800 килограммды түзгөн экинчи колдонуудагы чоюн батареялар-товарлар табылган. Алынган товардын баасы 160 миң сомду түзгөн.
Бул факты боюнча 30 миң сом айып салынып өндүрүлгөн жана 47 миң 259 сом зыяндын орду толтурулган. Жүктүн ЕАЭБ бажы аймагында андан ары сатуу үчүн бажыга байланыштуу эч кандай ташуу документтери жок болгон", - деп айтылат маалыматта.