"Жолуксак кандай жакшы", "Кайда" ырларын аткарып, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Ош жергесинен ак өргөөлүү болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Курулуш иши жаңы бүткөн эки бөлмөлүү батир алдым. Негизи туугандарым, жакындарым Ош тарапта болгондуктан тойго чакыруулар Ошто көп болот. Анан ушул жактан үй алсам деп ниет кылчумун.
Жараткандын буйругу, ата-энемдин батасы жана элимдин колдоосу менен батирлүү болуп отурам. Башка бизнесим деле жок, чыгармачылык менен эл, жер кыдырып жеткен үйүм", - дейт ырчы.
Ошондой эле ал батир алуу үчүн бир жыл мурун бөлүп төлөө жолу менен келишим түзгөнүн, эми үйдүн оңдоп-түзөө иштери калганын кошумчалады.