ЖЫЛНААМА, 9-ОКТЯБРЬ: Белгилүү каскадёр жана актёр Адилет Акматов 41 жашка толду

Актёр, каскадёр жана режиссёр Адилет Акматов 1981-жылы 9-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган.

Ал алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин у-шу, тайцзи, айкидо менен машыккан. Адилет Акматов каскадёр катары "Казакфильмде" “Кунанбай”, "Мың бала", "Боксчунун жолу", "Амир" тасмаларында ар кандай оор трюктарды аткарса, актёр катары орустардын "Гаишники" сериалында жана кыргыздардын “Баш аламан”, “Ант” фильмдеринде роль жараткан.

Ал эми режиссёр катары "Мурас сыры", “Сүйө бил”, "Шакал" тасмаларын тарткан.

9-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан