Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 102 кызматына Чоң Чүй каналынын Лермонтов көчөсү менен кесилишинде болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарышкан. Учурда анын аты-жөнү такталып жатканы кабарланды.
Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.