Ош шаарында 7 жаштагы баланы сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, 6-октябрь күнү Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө 7 жаштагы баланы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп качып кеткен.
"Окуя тууралуу 6-октябрь күнү саат 18:30 чамасында 102 кызматына Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынын дарыгери жол кырсыгынан 2015-жылы туулган Р.Э. аттуу бала денесинен жараат алгандыгын билдирген. Бул факты боюнча Ош ШИИБинде каттоого алынып, айдоочуну издөө иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын 66 жаштагы айдоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.