Ош облусунун Ноокат районунда киши өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 6-октябрь күнү саат 04:00 чамасында Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнө аталган райондун 1993-жылы туулган С. уулу М. аттуу тургуну денесинен жараат алып Ноокат райондук ооруканасына кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Ноокат РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы Э.Б. Ноокат шаарындагы ашканалардын биринде пикир келишпестиктен улам 29 жаштагы С.уулу М. жана 30 жаштагы Э.К.нын курсак жагына бычак менен бир нече жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткени аныкталган.
Кылмышка шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин жана 122-беренесинин (киши өлтүрүүгө аракет жасоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.