Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “Ансар Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Аталган кооперативден алданып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандардын саны 59 адамга жеткен.
"Келтирилген чыгым 63,8 миллион сомду түзөт. Алардын көпчүлүгүнө аталган кооператив турак жай сунуш кылышып, ар кандай суммадагы акчалай төлөмдөрүн алышып, бирок үй алып бере алышкан эмес. Акчалары дагы кайтарылбаган. Көпчүлүк жабырлануучулар кооператив тарабынан убадаланган үйлөр берилбегендиктен арыз жазууга мажбур болушкан.
Жабырлануучулардын арасында 5 миллион сомдон ашыкча акча бергендер да бар. Учурда “Ансар Групп” коммерциялык эмес керектөөчү кооперативине жана андагы тиешелүү жооптуу адамдарга туура юридикалык баа берүү максатында кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Бул кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 9-октябрь күнү шектүү катарында “Ансар Групп” кооперативинин республика боюнча жетекчиси, 1994-жылы туулган Ш.Э. жана аталган кооперативдин Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси, 1995-жылы туулган С. уулу А. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
Эртеӊ кармалгандардын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аталган кооперативден жабыр тарткан жарандар болсо 03222-4-82-82 жана 0779-76-70-87 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат.