Молдовановкадагы №1 абагына баңгизат алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесине тыюу салынган затты киргизүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда саат 17:00 чамасында Молдовановка айылында жайгашкан №1 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетин алдын алышкан.

Мекеменин түндүк тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.У. жана 1990-жылы туулган А.Д.кармалды. Алар жалпы салмагы 76 граммды түзгөн, гашишке окшош кара куурай жыты бар, кочкул жашыл затты скотч менен оролгон таңгактарды өткөрүп берүүнү көздөшкөн. Бул факты Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан