Дүйнө чемпиондугуна катышпайбы? Аргентиналык чабуулчу пенальти тебүү учурунда жаракат алды

Аргентиналык чабуулчу Пауло Дибала Италияда жеңиш голун киргизип, жаракат алды.

Кечээ, 10-октябрда өткөн футбол боюнча Италия чемпиондугунун алкагындагы "Рома" - "Лечче" беттешинде Пауло Дибала пенальти аткарып, андан кийин жаракат алды. Ал гол жараткандан эки мүнөт өткөндөн кийин эле алмашууга кетти.

Пауло Дибала жаракатынан улам эки жумадан бир айга чейин ойной албайт.

Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрда башталарын кошумчалайбыз. "С" тайпасындагы Аргентина курама командасы алгачкы оюнун 22-ноябрь күнү Сауд Арабияга каршы өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан