Тогуз-Торо милициясы мал уурдоого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, милицияга 51 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, бир баш “Ангус” породасындагы базар баасы 150 миң сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектелип Тогуз-Торо районунун 1984-жылы туулган К.Э., 1995-жылы туулган. К.Ж., 1996-жылы туулган М.А. жана 1997-жылы туулган Б.А. аттуу тургундары кармалган. Ал эми 9-октябрь күнү шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы Тогуз-Торо райондук сотунда каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.