Ош шаарында 24 жаштагы жаран 600 миң сомго баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Келип түшкөн ыкчам маалыматтарды текшерүү максатында милиция кызматкерлери өздөрүн сатып алуучу катары тааныштырышып, байланышка чыгышкан. Натыйжада контролдук сатып алуу уюштурулган. Шектүү М.Д. атайын пайдаланууга даярдалып кургатылган марихуана баңгизатын 600 миӊ сомго сатып жаткан учурда кармалган.
Тергөө учурунда кылмышка шектүү баңгизатты Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында жашаган 48 жаштагы М.М. аттуу аялдан алгандыгы аныкталган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө эки грамм марихуана жана 1,6 килограмм каннабис табылган.
"Атайын экспертиза алынган заттардын баңгизат экендигин тастыктаган корутунду берди", - деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары М.М. жана М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен тергөө жүрүп жатат.