
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, 2018-2019-жылдары Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (азыр жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги) кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуп, калдыктардын коркунуч классынын категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча тастыктоочу документтери жана маалыматтары жок болгон субъекттердин өкүлдөрү менен кылмыштуу макулдашууга барышкандыгы аныкталган. Алар калдыктардын коркунуч классынын эң төмөнкү категориясын мыйзамсыз белгилешип, булгануу акысынын наркын төмөндөтүшкөнү аныкталган.
Мындан сырткары, алтын казуучу айрым ишканалардын талапка туура келбеген нормативдик-техникалык документтерин бекитип беришип, анын натыйжасында мамлекетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 6-октябрында аталган кылмышка шектүү катары Министрликтин мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы С.Б.С. жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Р.А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылып, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.