Чүйдүн Токмок шаарында 25 жаштагы жигит өз жанын кыйды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, маркум бир күн мурда суракка чакыртылган.
7-октябрда Токмок шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, өспүрүм кызына карата белгисиз жаран ыплас аракеттерди жасаганын айтып чара көрүүнү суранган.
Аталган факты каттоого алынып, тийиштүү текшерүү иштери башталган. 9-октябрда 1997-жылы туулан Ч.А. Токмок ШИИБинин тергөө кызматына алынып келип, күбө катары сурак бергенден кийин коё берилген. Анын ыплас аракеттер боюнча кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча текшерүү улантылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
10-октябрь күнү милицияга Ч.А. өзүнүн үйүндө асынып алды деген малымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып бир күн мурда сурак берген жаран өз жанын кыйганын тастыкташкан.
Учурда өз өмүрүн кыюу фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп, милиция кызматынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.