Быйыл Кыргызстандын аймагында адам сатуу фактысы боюнча 5 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"2022-жылы адам сатуу фактысы боюнча 5 кылмыш иши козголду. Алардын ичинен сексуалдык кулчулукка сатуу боюнча 2 факты, өспүрүмдөрдү сатуу боюнча 2 факты жана 1 эмгек кулчулугуна сатуу фактысы катталган", - деди ал.
Ал эми 2021-жылы адам сатуу убоюнча 9 учур катталганы айтылды.