Ырчы Данияр Эрматов экинчи ирет кыздуу болду. Ырчы мырзага куттуктап байланышканыбызда, эне менен баланын абалы жакшы экенин билдирди.
"Келинчегимдин көз жарганына 2 сааттай болду. Эне, баланын абалы жакшы", - деп кубанычтуу сезимдери менен бөлүштү.
Ошондой эле ал наристеге ысымды чоң ата, чоң энелери менен кеңешип коюшарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, ырчы мырза жана келинчеги Айсалкын Садыкова 2020-жылы алгачкы ирет кыздуу болуп, ага Рания деген ысым коюшкан.