И.Арабаев атындагы окуу жайдын имараты ижарага мыйзамсыз берилген

И.Арабаев атындагы университеттин кызматкерлери окуу жайдын имаратын мыйзамсыз ижарага беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун эч бир келишим түзбөстөн, өздөрүнө пайда табуу максатында жеке жана юридикалык жактарга ижарага берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, “Аукцион борбору” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси Сапар Ильязов эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан