Ысык-Көлдө уурулук менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрь күнү милицияга Каракол шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, ошол эле күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Каракол шаарынын соода жайларынын биринде өзүнө тиешелүү болгон Redmi 9 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам кийип жүргөн жынсы шымынын оң чөнтөгүнөн жашыруун түрдө уурдап кеткени жөнүндө билдирген. Келтирилген чыгым 17 000 сомду түзгөн.
Аталган факты каттоого алынып, "Уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Каракол шаарынын У.А. аттуу тургуну кармалган. Шектүүнү жеке текшерүү учурунда уурдалган уюлдук телефон табылган. Алгачкы тергөө иштеринде шектүү кылмыш боюнча күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Тергөө амалдары уланууда.