УКМК: "207 миллион сом салык төлөбөй жүргөн мунай өндүргөн компания аныкталды"

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан мунай өндүрүүчү компаниянын 207 миллион сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Кийинчерээк Кытай жараны бир нече компаниянын ишин координациялап жүргөнү, бири-бирине байланышы бар ишканалар кагаз жүзүндө гана товарларды "жеткирди" кылып иштеп жатканы маалым болгон.

"Салык кызматынын кызмат адамдарына, мунай жана жаратылыш газын өндүрүү үчүн скважиналарды бургулоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду",- деп айтылат маалыматта.


Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган ишканалардын ортосундагы байланыш жана алардын бири-бирине тиешелүүлүгү аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөнү айтылды. Калган келтирилген зыянды тез арада төлөп берүүлөрү пландалууда. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан