Бишкекте жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду.
"10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 доллар өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) алкагында кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды.