Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Мохамед Салах шотландиялык "Рейнжерс" клубу менен болгон оюнда Чемпиондор Лигасындагы эң тез хет-трик жасады.
Глазгодо болуп өткөн Чемпиондор Лигасынын "А" тайпасындагы оюнда 30 жаштагы египеттик футболчу 68-мүнөттө алмашууга чыгып, 76, 80 жана 81-мүнөттө гол киргизди. Хет-трик жасоо үчүн чабуулчуга 6 мүнөт 12 секунд кетти.
Оюн 1:7 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>