Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенгендер кармалды (фото)

Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик кылып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы тууралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан