Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы бажы постунда Крым көпүрөсүндө жарылган жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тартылган видеону жарыялады.
Видеодо көрүнгөндөй, МАИ кызматкери жүк ташуучу унааны токтотуп, текшерүүгө алат. Айдоочу чиркегичти ачып көрсөткөндөн кийин МАИ кызматкери ага андан ары кетүүсүнө уруксат берген.
Крым көпүрөсүндөгү жарылуу 8-октябрь күнү таңга маал болгон. Жарылуудан көпүрөнүн бир нече аралыгы талкаланган. Акыркы маалыматтар боюнча, төрт адам каза болуп, дагы бир нечеси дайынсыз болууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.