Владимир Путин Астана шаарына барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстанга барды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын лидери Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

"Владимир Путинди аэропорттон өкмөт башчы Алихан Смаилов тосуп алды. Иш-чарага Азербайжан, Ирак, Иран, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Палестина, Орусия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, Вьетнамдын вице-президенти жана Кытайдын вице-президенти катышат. Саммитке байкоочу өлкө болгон Беларустун президенти да катышат", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан