Бишкекте троллейбустун айдоочусу окуучуну сүзүп кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жүктөлдү.
Кабарлангандай, окуя Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алган.
Окуя боюнча милициянын кайгуул кызматына кайрылганыбызда маалымат азыр эле түшкөнүн айтышты. Кызматкерлер окуя болгон жерге жөнөп кеткенине токтолуп, кошумча маалымат берилерин билдиришти.