Германияда уурдалган Land Rover жол тандабасы Бишкектен табылды

Бишкектен Европа мамлекеттеринен уурдалган делген Land Rover унаасы табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уурдалган делген унаа шаардан табылып, анын айдоочусу 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаран экени аныкталган. Экспертиза Land Rover үлгүсүндөгү унаанын кузовунун номери өз алдынча жасалган жол менен өзгөртүлгөнүн аныктаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Интерполдун маалыматы боюнча, унаа 2020-жылы Германияда эл аралык издөөгө алынган.

Ички иштер министрлиги жарандарды унаа алууда этият болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан