Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Саякбай Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "GALAXY" кафесинен чыккан өрт саат 13:02де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, өрттүн болжолдуу жалпы аянты 400 чарчы метрди түзөт.
"Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Ири өрттү өчүрүүгө 10:31ден тарта ӨКМдан жалпы 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жеринде иш алып барып, тилсиз жоо саат 11:47де чектөөгө алынган. Мындан тышкары ИИМден 5 экипаж жана РЭТтен 1 бригада, "Тез жардам" кызматы тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.