Кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев Москва шаарында "Poddubny Wrestling League" турниринин алкагында килем үстүнө чыгышат.
Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков орусиялык балбан Анвар Аллахьяров менен күрөшөт. Ал эми Эрназар Акматалиевдин атаандашы азырынча аныктала элек.
Балбандарыбыз бүгүн, 14-октябрда килем үстүнө чыгышат.