
Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлдү.
Алсак, ушул жылдын апрель айында «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын Нарын филиалына 2 даана от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү болуп «О.ц.З.К.» ЖЧКсы табылган.
«Кыргызжылуулукэнерго» МИ менен аталган ЖЧКнын ортосунда жалпы суммасы 9 миллион 499 миң 840 сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50 пайыз өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 миллион 749 миң 920 сомду түзгөн алдын ала төлөм төлөнүп берилген.
Келишимдин шарттарына ылайык, «О.ц.З.К.» ЖЧКсы 2022-жылдын 31-июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон.
"Бирок аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдаланбастан, бул каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада «О.ц.З.К.» ЖЧКсы ушул күнгө чейин жогоруда аталган от казандарды сатып алуучунун – «Кыргызтежылуулукэнерго» ишканасынын кампаларына жеткирбегендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.