Сокулук районунда бодо мал уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, милицияга Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Сокулук районунун Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз жарандар баасы 240 000 сом турган сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кетип, материалдык чыгым келтиргенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышты жасаган адам 1991-жылы туулган А.Д. экендиги такталып, ал жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.