Кара-Сууда уурулукка шектелген жаран Бишкектен кармалды

Оштун Кара-Суу районунда 7-октябрда уурулукка шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кара-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылган Кара-Суу районунун 60 жаштагы М.К. аттуу тургуну 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген.

Натыйжада жабырлануучуга 52 миң сомдук зыян келтирген.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы Д.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүнүн мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан