Эмил Молдодосов Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду

Бахрейндин Манама шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда Эмил Молдодосов күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Молдодосов 89 килограмм салмак категориясында катышып, жулкуп көтөрүүдө (166 килограмм) биринчи орунду, ал эми түртүп көтөрүүдөн (195 килограмм) үчүнчү орунду алган. Жыйынтыгында 361 упай менен экинчи орунду камсыз кылды.
Мындан сырткары Кыргызстандын атынан Ишенбек Муратбек уулу менен Бекдөөлөт Рыскулбеков да катышууда. 5-октябрда башталган Азия биринчилиги эртең жыйынтыкталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан