"Катар-2022": Франциянын лидер футболчусу Дүйнө чемпиондугуна катышпай калышы мүмкүн

Лондондук "Челси" жана Франция курама командасынын жарым коргоочусу Н'Голо Канте жамбашынан жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Н'Голо Канте өткөн аптада жамбашынан жаракат алган жана бир нече жумага оюнга чыгууга болбойт. Франция курама командасынын башкы машыктыруучусу Дидье Дешам 9-ноябрда Дүйнө чемпиондугуна катыша турган футболчулардын тизмесин жарыялайт. Бул тизмеге Н'Голо Канте кирбей калышы толук мүмкүн.

31 жаштагы франциялык футболчу 14-августта "Челси" - "Тоттенхэм" беттешинде алмашууга кеткен. Ошондон бери футболчу оюн талаасына чыга элек.

Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан