Бажы кызматкерлери Пакистандан учак мыйзамсыз ташылып келгенин аныкташты

“Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери учак мыйзамсыз ташылып келгенин аныкташты. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

"Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) - Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын аймагына "В" компаниясына таандык (инициалдар өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган. Бирок бул аба учагы боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Мамлекетке 10 637 983 сом зыян келтирилген",- деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилгендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-15 16:35:00
Баары эле мыйзамсыз камап атышат кустуруп атышат деги эле токтобой койду го мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан