Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбеков Москвада алтын медаль утушту

Кыргыз балбандары Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбеков Москва шаарында өткөн Poddubny Wrestlin League турниринде алтын медаль утушту.

60 килограмм салмакта күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышкан Жоламан Шаршенбеков орусиялык Анвар Аллахьяров менен кез келип, 9:6 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев дагы орусиялык Иналбек Шериев менен кез келип, 8:6 эсебинде атаандашын жеңди.

Турнир кечээ, 14-октябрда Москвадагы Вернадский атындагы циркте болуп өттү. Эки кыргыз балбаны тең атайын чакыруу менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arianaa
2022-10-15 17:21:00
Азаматсынар сыймыктанабыз силер менен!! Ийгиликтер коштоп журсун ар дайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан