Кечээ, 15-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айыл өкмөтүнө тиешелүү токойдун аймагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, тилсиз жоо куураган карагайлардан тутанганы айтылган. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 38 адам тартылган.
Такталган маалымат боюнча, Куртка айыл аймагынын токой чарбасына тиешелүү токойдун аймагында (Сабыр тилкеси) куураган чөп жана карагайлардан чыккан өрт кечээ күнү саат 17:15те чектөөгө алынып, 18:00дө толук өчүрүлгөнү маалым болду.