Кечээ, 15-октябрда Орусиянын Белгород облусунун Батыш аскер округунун полигонуна террорчулар кол салып, 11 киши каза болду. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары Коргоо министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.Орус аскерлеринин маалыматы боюнча, КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жараны ок чыгарган. Алар жооп кайтаруу менен жок кылынганы айтылат. Натыйжада 11 адам каза болуп, дагы 15 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилген.