Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 13:40 чамасында 8-кичи райондо жайгашкан үйдүн 3-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келген. Ал жерге өрт өчүрүү штабы жана эки бөлүм тартылганы айтылат.
Учурда өрт өчүрүү иштери уланууда.