Актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева кыздуу болушту

Актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева ата-эне статусуна ээ болушту.

Актриса кечээ, 15-октябрда Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарып, кыз төрөдү.

Түгөйлөр өткөн жылдын октябрь айында баш кошушкан.

Актёр, алып баруучу Өмүрбек Израилов Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тарыхый мюзиклинин башкы каарманы катары таанылган.

Ал эми Айсанат Эдигеева көпчүлүккө "Көргүм келет" тасмасы аркылуу таанылган. Мындан тышкары бир катар тасма, клиптерде роль жаратып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан