Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 18 жаштагы кыз жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Балыкчы шаарына жакын жерде катталган. Анда БМВ унаасын 1988-жылы туулган Ж.Э башкарып бара жатканда алдынан жылкы чыккан. Жыйынтыгында айдоочу унааны башкара албай калып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 2 адам ооруканага түшүп, 2004-жылы туулган Ж.А аттуу кыз кырсык болгон жерден каза болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.