Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туристтерди тартуу үчүн онлайн-афиша түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрдагы маалымат жыйынында маданият министринин орун басары Максат Чекишев билдирди.
Анын айтымында, маданият туризмдин маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелет. “Маданият тармагында болуп жаткандардын бардыгы туристтер үчүн кызыгууну жаратат. Ошондуктан туристтерди маданиятыбыз аркылуу тартууну пландап жатабыз. Биз сайт ачууну жана ага бир жылдык спектакль, кино, концерттердин тизмесин жарыялоо тууралуу ойлонуудабыз. Көпчүлүк туристтер чет мамлекеттерге белгилүү жазуучулардын чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди көрүү үчүн барышат”,- деди Чекишев.