Баткенде Дилноза Хасанова жана Абдрасул Хашимов дайынсыз болуп изделүүдө

Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын 15 жаштагы тургуну Дилноза Хасанова жана 44 жаштагы тургуну Абдрасул Хашимов изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Хасанова Дилноза Адхамжановна Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйүнөн ушул жылдын 15-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын эжеси милицияга арыз менен кайрылган.

Белгилери: арык чырай, кашы, көзү кара, чачынын узундугу 5-6 сантиметр. Бою 150-155 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт.

Кийген кийимдери: үстүндө жана астында көк түстөгү жынсы, бутунда ак-кызыл түстөгү спорттук бут кийим.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын Кулатова көчөсүнүн 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, жолдошу 1978-жылы туулган Хашимов Абдурасул Равшанович аталган даректеги үйүнөн ушул жылдын 12-июнь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.

Белгилери: арык дене түзүлүштө, кашы, көзү кара, чачы кыска ак-кара түстө, ак жумал, бою 180-185 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт.

Кийген кийимдери: үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Бул эки арыз Кызыл-Кыя ШИИБине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция Хасанова Дилноза Адхамжановна жана Хашимов Абдурасул Равшановичтин жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуну суранат.

Байланыш номерлери: 102, 03657 5-04-20, 03622 5-01-24, 0779 81 81 31.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан