Тургундун 40 миң сомдук телефонун алып качып кеткен. Милиция шектүүнү кармады

Бишкекте алдамчылык кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, 29-сентябрда милицияга У.Э. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда С. аттуу чала таанышы ошол эле күнү түнкү саат 12:30 чамасында Ахунбаев жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан түнкү клубдун ичинен 40 миң сомдук IPHONE 11 Pro үлгүсүндөгү телефонун чалып алайын деп алган боюнча из жашырып кеткенин билдирген. Ошол эле маалда ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

5-октябрда шектүү катары 2002-жылы туулган Э.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук сотунун шектүүгө карата бир айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Милиция кармалган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендер жана ушул сыяктуу иштер боюнча маалыматы бар адамдарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашууну өтүнөт: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(702)842-911 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан