Киевде арты-артынан жардыруулар болууда

Украинанын борбору Киев шаарында арты-артынан жардыруулар катталууда. Бул тууралуу Киев шаарынын мэри Виталий Кличко социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

Украинанын баш калаасынын башчысынын айтымында, жарылуулар Шевченко районунда болду.
Кийинчерээк Кличко экинчи жардыруу тууралуу жазды. Өз кезегинде Украинанын президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак Орусия Киевди камикадзе дрондору менен аткылаганын билдирди.

Учурда жардыруудан кийин имараттар өрттөнүүдө жана жардыруудан жабыркагандар такталып жатат. Ошондой эле Киевде абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ali88
2022-10-17 12:49:00
Баш калаасы эмес Борбор калаасы десеңер
0
alinsan
2022-10-17 13:04:00
ali88 туура эле айтылган менимче, бизде деле жанылыктарда ТВ ларда баш калаа деп айтылат го борбор шаарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан