Биз социалдык тармакта

Ошто мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Ош шаарында мурдагы аялын бычактап өлтүрүп качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун аймагынан колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинди.

Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси (122-берене) менен кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыштуу окуя Ош шаарынын ушул жылдын 3-октябрында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерден көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан