Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Атайын кызмат Кадамжай райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон А.А., А.Д., З.Г.. жана Н.И. аттуу адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзгөн.
Жыйынтыгында, бул жарандардын жашаган жеринен ар кандай фамилияга берилген жер тилкелеринин документтери, анын ичинде айыл өкмөттүн токтомдорунун бланктары, 6 флеш-карта, 1 ноутбук, 2 рация, 1 дүрбү, 3 пневматикалык курал (1 тапанча, 2 мылтык) жана алардын ок-дарылары табылып алынган.
Алынган буюмдар кылмыш ишинин материалдарына тиркелип, электрондук алып жүрүүчүдөгү маалыматтар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
УКМК жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкелерин бөлүштүрүүдө дагы башка мыйзам бузууларды аныктоо боюнча иштерди улантууда.