Баткенде Тажикстан аркылуу мыйзамсыз жол менен киргизилип жаткан 2 жарым миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражатына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), Кыргыз жараны 1981-жылы туулган Т.А.М.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга таңгакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 миллион 750 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 Кыргыз жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүмүндө (экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.