Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата “Таазим” аталыштагы документалдуу тасма тартылды

СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата “Таазим” аталыштагы документалдуу тасма тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинен кабарлашат.
Маалыматка караганда, театр жана кино жылдызы Бакен Кыдыкеева тууралуу тартылган “Таазим” документалдык тасмасы 4-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында анын 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн кечеде көрсөтүлгөн. Тасмада Бакен Кыдыкеева тартылган кинолордогу архивдик материалдар пайдаланылган.
Кошумчалай кетсек, “Таазим” тасмасынын режиссёру жана сценарийин жазган автору Мурат Мамбетов. Тасма Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” студиясында тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан